09:10
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Милициянын подполковниги 19 кг маңзат менен кармалды

Баткен облусунда милициянын подполковниги19 кгмаңзат менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, Ош — Баткен жолунан ИИМдин Баңги заттарга каршы күрөшүү кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкери башкарып келе жаткан Honda Inspire үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп, текшерүүгө алынган. Милициянын подполковниги А. Анын унаасын текшерген учурда, салондон19 кг650 гбаңзат табылган.

Аталган факт боюнча «Маңзаттарды мыйзамсыз даярдоо, сатуу, сактоо жана ташуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума