10:21
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Тоң районунда шамал тогуз үйдүн шиферин учуруп кетти

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көл-Төр жана Тогуз-Булак айылдарында ылдамдыгы секундасына 28-32 метрге жеткен катуу шамал тогуз үйдүн шиферин учуруп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Алардын маалыматында, жалпы 134 даана шифер жана 10 даана темир тунуке учурган. Жабыркагандар жок. Материалдык чыгым 53860 сомду түздү.

«Көл-Төр айыл өкмөтү тарабынан 60 даана шифер бөлүнүп берилген жана Тон райондук мамлекеттик админстрациясы тарабынан Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунан шамалдын кесепетинен жабыркагандарга материалдык жардам берүү боюнча тиешелүү иш алынып барылууда» — дейт ӨКМ.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби