06:30
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Бактыбек Осмонов Тоң районунун акими болуп дайындалды

Бактыбек Осмонов Ысык-Көл облусунун Тоң районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан  билдирди.

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине ылайык Осмонов Бактыбек Арапбаевич Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.

Белгилей кетсек, Бактыбек Осмонов 57 жашта. Буга чейин ал Ош облусунун Араван районунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары болуп иштеген.

Эң көп окулган жаңылыктар