Бишкекте дарактарды кыюуга каршы «Биз тумчугуп жатабыз!» жөө жүрүшү өтөт. Бул тууралуу активист Александр Толмачев билдирди.
Анын айтымында, 3-апрель күнү өтө турган акцияга ордо кааланын тургундары, саясый партиялар,
коомдук уюмдар, экологдор чакырылат.
Токтоналиев көчөсүнөн Манас проспекстиге чейин, андан ары Бишкек мэриясынын алдынан «Жаштар» паркынан карай жөө жүрүш болот.
Эскерте кетсек, шаар тургундары Бишкектеги бак-дарактардын кыйылышына каршы социалдык тармакта кол топтоодо. Мэриянын маалыматында, 2017-жылы Бишкекте 2 миң 938 бак-дарак кыйылган. Алардын 840ы гана авариялык абалда болгон.