04:58
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жөө жүрүштөр жана мыйзамдуулук. Улан Үсөйүн коркутуулар жана жыйынтык жөнүндө

Төрт айдан бери ар жекшемби күнү Бишкек шаарында мыйзамдуулукту талап кылган митинг өтүүдө. Акция Эркиндик сейил багынан башталып, Ала-Тоо аянтында улантылууда.

Өлкөдөгү активдүү жарандар Конституцияга өзгөртүүгө каршы чыгышууда.

24.kg агенттиги жөө жүрүштүн уюштуруучуларынын бири Улан Үсөйүн каршылык акциясына эмне себеп болгонун айтып берди.

— Жаңы бийлик келгенден кийин эле мыйзамдарды бузуп баштады. Укукту тепсөөлөр мындан ары дагы улантылары белгилүү болчу. Андыктан биз митингге чыгууну туура көрдүк. Башынан эле жөө жүрүштү ар жекшемби күнү өткөрүүнү пландаганбыз.

Экспреттер, юристтер менен бирге мамлекеттин мындан аркы кадамдарын талдап чыктык. Ошол учурда Садыр Жапаров референдум боюнча айтып баштады. Биз ошондо жаңы бийлик дароо эле Баш мыйзамдын долбоорун даярдап, кабыл ала коерун түшүндүк. Үчүнчү жүрүш Ханституцияга каршы өттү.

— Акция бир нече айдан бери өтүп жатат. Ар сапар ар кандай талаптар, ураандар менен коштолууда. Эмне себептен?

— Төрт айдан бери чыгып жатабыз. 16 митинг өткөрдүк. Алгач биз бийликти мыйзам талаасында иштөөгө чакырсак, андан кийин авторитардык Конституцияга каршы чыксак, акыркы жолу Райымбек Матраимовдун бошотулушуна пикирди билдирдик. Ал арада Баткен облусундагы чек ара көйгөйлөрүн көтөрүп, ар кандай ураандар болду.

— Жыйынтыгы кандай болуп жатат? Бийлик өкүлдөрү көңүл бөлүп жатабы?

— Жыйынтыгы абдан жакшы. Биздин жөө жүрүшкө чейин бийлик жаңы Конституцияны талкуусуз эле кабыл алмакчы болгон. Митингден кийин ойлонуп, конституциялык кеңешме түздү. Райымбек Матраимов боюнча дагы чечим бар. Өзүңүздөр билгендей аны экинчи жолу кармашты.

Мамлекет эле эмес, жөнөкөй жарандар дагы бизге көңүл бөлүүдө. Алар митингдин маңызын түшүнүп, көйгөйлөрүн айта башташты. Ар бир кыргызстандык өз укугун билип, ага каршы күрөшүшү керек.

— Митингге кимдер чыгып жатат?

— Бишкек шаарында жашаган жөнөкөй элдер чыгып жатат. Аймактардан дагы келишет. Алар баары өзүнүн жарандык көз-карашын билдиришүүдө. Уюштуруучулар катышуучулардан видео сурамжылоо дагы жүргүзүп көрүштү. Алар өз эрки менен келгенин айтышты. Биздин жарандардын кайсы бир кырдаалга карата ачык пикир билдирүүсү кубаттарлык көрүнүш.

— Каршылык көрсөтүү, бут тосуу аракеттери болгон жокпу?

— Митингде бир нече жолу провокация болду. Биздин тынч жүрүштү таркатуу аракети көрүлдү. Азыр социалдык тармак аркылуу ар кандай коркутуулар болуп турат. Фейктер, троллдор, бийликтин тарапташтары жазып, коркутуп турушат.

— Жүрүштү улантасыздарбы?

— Албетте, акция улантылат. Анткени биз мыйзамдуулукту талап кылып жатабыз. Жаңы Конституцияга каршыбыз. Баш мыйзамдын долбоорунда кемчиликтер, мыйзамсыз көрүнүштөр көп.

Эң көп окулган жаңылыктар