15:56
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жаранды кыйноо фактысы боюнча ИИМ кызматтык иликтөө жүргүзөт

Караколдун тургунун милиция кызматкер кыйноого алгандыгы тууралуу иш боюнча ИИМ кызматтык иликтөө жүргүзөт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда окуянын бардык жагдайлары менен толук кандуу таанышуу иштери жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, Караколдо 32 жаштагы Петр Алексеенко милиция кызматкери аны кыйноого алганын айтып арызданган. Жабырлануучунун энеси Галина Алексееванын айтымында, уулу экинчи топтогу майып, ага карабай аны камакка алышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар