18:22
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Руслан Акун «Көк бөрү» тасмасын тартууга киришти

«Салам Нью-Йорк», «Апамды издеп» тасмаларынын режиссеру Руслан Акун «Көк бөрү» тасмасын тартууга киришти. Улак тартыш боюнча кинонун сценарийи жазылып жатканын ал буга чейин социалдык тармактагы баракчасына кышында жарыялаган.

«Бул жолу экшн, компьютердик эффекттер колдонулуп, кызыктуу тасма болот» — дейт Руслан Акун.

Азыр «Кыргыз кино» кастинг жарыялады. Маалыматтарды casting.kgz@gmail.com. дарегине жөнөтүүгө болот.

Эскерте кетсек, Руслан Акундун буга чейинки тасмаларды Кыргызстан жана Казакстанда жакшы ийгиликтерди жаратып келет. Өзү режиссерлук боюнча АКШда билимин уланткан.

Эң көп окулган жаңылыктар