16:37
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Мектеп окуучусу поезддин алдында калды

Кара-Балтада мектеп окуучусу поезддин алдында калды. Бул тууралуу Жайыл райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Кырсык, 17-мартта Ново-Николаевка айылындагы темир жол станциясында катталган. Өспүрүм оор абалында аймактык ооруканага жеткирилген. Анын баш сөөгү сынып жана башка жараттарды алган. Кечээ, 18-мартта бала алган жаратынан улам каза болгон.

Учурда ал билим алган № 5-мектепте аза күтүү жарыяланып, Нооруз майрамын белгилөө токтотулду. Кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар