23:47
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Былтыр калаада жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусунда миңден ашык жол кырсыгы катталган

2017-жылы Бишкекте жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусунда 1236 жол кырсыгы катталган, алардын 34ү адам өлүмү менен аяктаган. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Кырсыктын кесепетинен 1537 жөө жүргүнчү ар кандай жараттарды алган. Алардын ичинен 280 факт балдардын катышуусунда болгон.

Марттын башынан тартып Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын кызматкерлери административдик укук бузуулар боюнча жөө жүргүнчүлөргө карата 100дон ашык протокол түзгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума