04:45
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кадамжайда кургатылган мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү ишкана ачылат

Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында жаңы бышкан жана кургатылган мөмө жемиштерди кайра иштетүүчү, таңгактоочу ишкана ачылуу алдында. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү билдирет.

Кыргыз Орус Өнүктүрүү фондунун жана ЮСАИДдин Агро горизонт долбоорунун колдоосу менен курулган бул чакан ишканада кургатылган мөмө-жемиштер таңгакталып, экспортко чыгарылат.

Ишкана жетекчиси Сардор Мадазимовдун айтымында, курулушка жана керектүү жабдууларды орнотууга 15 миллион сомго жакын каражат жумшалган.

Ишкананын ачылышы менен 30 жумуш орун түзүлүп, күнүнө 2 тонна 400 кг мөмө-жемиш кайра иштетилет.

Белгилей кетсек Кадамжай районунда жыл сайын орточо эсеп менен 21663 тонна мөмө-жемиш өндүрүлөт, анын ичинен 10200 тоннасы ички керектөөгө жумшалып, калган көлөмү экспорттолот.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума