14:45
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Казакстанда жоолугун чечпеген кыздар кийинки класска көчпөй калышы мүмкүн

Актөбө облустук билим берүү башкармалыгы жоолук салынганына байланыштуу сабакка киргизилбеген мектеп окуучулары кийинки класска көчпөй калышы мүмкүн экенин эскертти. Мекеме бул маселени билим берүү министрлиги менен кеңешүүдө.

Актөбө облустук билим берүү башкармалыгынын маалымат катчысы Лаззат Оразбаеванын айтымында, аймакта «мектеп формасын сактабаган» 72 окуучу сабакка киргизилген жок.

«2018-жылдын январь айындагы маалыматтар боюнча облуста 340 окуучу сабакка жоолукчан келип турган. Учурда алардын 268и мектеп талабына көндү. Жоолугун чечкиси келбеген 32 окуучу кыз жер которуп, Алматы жана Шымкент шаарына окууга кетти», — деди Лаззат Оразбаева.

Актөбө облустук дин иштери башкармалыгынын жетекчиси Жолдас Калмагамбетов мектеп формасын сактабаган 72 окуучунун 16сы гана балагатка толгонун баса белгиледи.

Окуу жылынын башында ондогон ата-эне жоолукчан кыздарынын мектепке киргизилбегени боюнча сотко даттанган. Бирок Астана жана Актөбө шаарында сот мектеп жетекчилигин колдоп, алардын арызын канааттандырган эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар