Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын милиционери пара менен кармалды. Бул тууралуу күч органдарынын кызматкерлери билдирди.
Маалыматка ылайык, милициянын лейтенанты бүгүн, 8 миң сом пара менен кармалган.
Кармалган жаран Москванын милиция академиясын бүтүргөн.
Эскерте кетсек, февралда ЦУМдун жанынан дагы бир милиция кызматкери 15 миң сом пара менен кармалган.