22:16
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Сапар Исаков аппаратын тазалоону улантууда. Дагы эки аткаминер ээрден шыпырылды

Премьер-министр Сапар Исаков аппаратындагы дагы эки кызматкерди иштен алды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине өкмөттөгү булактар билдирди.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы жана «Миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарды түзүү жөнүндө Кыргызстан менен Орусия өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууну бекитүү жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгууда кеткен олуттуу кемчиликтер үчүн Социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Улан Маматкановду жана Укуктук экспертиза бөлүмүнүн башчысы Максатбек Есеналиевди иштен алды.

Буга чейин премьер-министр өкмөттүн аппарат башчысы Нурханбек Момуналиевдин кызматтан алуу сунушун президентке жолдогон.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума