01:14
USD 87.00
EUR 90.59
RUB 0.86

Жемкорлукка каршы күрөш. УКМК бир күндө эки аткаминерди кармады

Бүгүн Улуттук коопсуздук кызматы эки аткаминердин кармалганын жарыялады.

Алардын бири Транспорт министрлигинин жол чарба башкармалыгынын башчысы Арстанбек Ибраев. Ага кызматтык абалына кыянаттык айыбы тагылууда.

УКМКнын билдирүүсүндө, Арстанбек Ибраев «Кербенжолкурулуш» ишканасы аркылуу Ак-Талаа районунундагы Ак-Талчат айылындагы Нарын дарыясы аркылуу өткөн көпүрөнү оңдоо иштерин жүргүзүүдө 45,8 миллион сомду өзүнө ыйгарып алган. Көпүрө дагы эле оңдоло элек. Арстанбек Ибраевге айып тагылып, тергөө бүткөнчө абакта болот.

Андан тышкары, «Электр станциялары» ишканасынын техникалык директору Алмаз Жусупбеков УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Ал Бишкек Жылуулук электр борборун оңдоого бөлүнгөн акчанын уурдалышы боюнча шек саналууда.

Өткөн аптада «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоев да камакка алынган.

Эскерте кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин январь айында өткөн жыйынында жемкорлук менен күрөш күчөтүлөрүн айткан. 

Эң көп окулган жаңылыктар