Эртең, 3-мартта кыргыз туусунун туулган кунү. Ал 1992-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Анын авторлорду — Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков.
Расмий маалыматтарга ылайык туу ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган.
«Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Нурлуу алкактын диаметри туунун энинин бештен үчүн түзөт. Күндүн жана нурлуу алкак диаметрлеринин катышы — бештен үчкө барабар. Түндүктүн диаметри нурлуу алкактын диаметринин жарымына барабар» — деп айтылат президенттин сайтында.
Туунун үлгүсүнө сынак жарыяланганда миңден ашык сунуштар келип түшкөн. Парламенттин талкуусуна кызыл жана көк түстөгү туулар алынып чыккан. Айрымдар кыргыздын туусу көк асаба болгон деп көк түстөгүнү кабыл алууну сунушташкан. Бирок, көгүш түс түштүктө азанын өңү экендиги айтылып, ага каршы чыгышкан.
Авторлордун бири Сабыр Иптаровдун айтымында, кызыл түс — бийликти, жеӊишти, кубаттуулукту, берекени, бакубаттыкты, салтанатты сыпаттаган түс. Хан көтөрүлгөндө ага арнап атайы кызыл кийим тигишкен.
«Күн — өмүрдү, түбөлүктүүлүктү, мээримдүүлүктү, айкөлдүктү, күнөстүү өлкөбүздү, илим-билимди, бейпилдикти, теӊчиликти, жылуулукту туюнтат. Тарыхый булактарда Гунндар (Күн балдары) — кыргыздын түпкү аталары делет» — деп чечмеленен автор өзүнүн маектеринин биринде.
Ал кырк нур — кыргыз этнонимин (кырк+гуз), кыргыз элин түзгөн кырк урууну туюнтат. Нурлар наристенин колдоочусу болгон Умай эненин символун туюнткан кыргыз оюму менен берилген.
Түндүк — көчмөн маданиятын, өз алдынчалыкты, ынтымак-биримдикти, өнүгүп-өсүүнү, ата салтын, эне адебин, үй-бүлөнү туюнткан символ. Түндүк — Кыргызстандын визиттик карточкасы, ата-бабадан мурастап алган мөөр-тамгасы. Ал эч бир өлкөнүн символунда жок, уникалдуу, ыйык таберик. Күнтүндүктөн чачыраган 40 нур 40 уук катары да элестелип, алар бир түндүктүн айланасына баш кошуп, бир түндүктү — Кыргызстанды — көтөрүп турган көп улуттуу калктарды да элестетет.
Философиялык мааниде түндүк — «төгөрөктүн төрт бурчу» деген ой-туюмун чагылтып, ааламдын, жер шарынын, адамзаттын, коомдун бүтүндүгүн, мезгил менен мейкиндиктин ажырагыс биримдигин сыпаттап турат.
Белгилей кетсек, туу 26 жыл ичинде бир нече жолу сынга алынып, өзгөртүү сунушталды.
2005-жылкы революциядан кийин тууну түсүн өзгөртүу зарылдыгы айтылган. Ал кездеги мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров түндүк туура эмес жайгашып калгандыгын билдирген.
Ал эми 2011-жылы Жогорку Кеңеште тууну өзгөртүү боюнча комиссия түзүлүп, аны «Ар-Намыс» фракциясынын депутаты Абдырахман Маматалиев жетектеген. Анда депутаттар туунун кызыл түсүн 2010-жылдагы кан төгүүлөргө айыпташкан.
АКШнын президентти Дональд Трамптын «АКШ жана ислам дүйнөсү» саммитинде жолугушууларынын көпчүлүгүндө кыргыз туусу арткы жагында көрүнүп, интернетте кызуу талкууга алынган.