17:26
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Депутаттар мамлекеттик туудагы нурлардын формасын өзгөртүүнү сунушташууда

Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандын мамлекеттик желегиндеги күндүн нурларынын формасын өзгөртүүнү сунушташууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Демилгечилер спикер Нурланбек Шакиев жана депутат Улан Примов. Алардын айтымында, бүгүнкү күнү туунун ортосундагы түндүк менен күндүн нурунун кабыл алынышында күн карамынын гүлү, же болбосо боз үйдүн тышкы бети сыяктуу түрдүү интерпретациядагы диллема пайда болуп жатат.


“Туунун чагылдырылышындагы маанинин бир мааниде туюнтулбагандыгын жоюу үчүн чараларды көрүү керек. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын туусундагы күн нурунун толкун сымал формасын күндүн түз чагылдырган нурларынын формасына өзгөртүү сунушталат”, - деп айтылат маалымкат-негиздемеде.


Белгилей кетсек, буга чейин депутаттар, өңү өчкөн жана техникалык стандарттарга жооп бербеген мамлекеттик желек менен гербди колдонуу үчүн айып пул салууну сунушташкан

Эң көп окулган жаңылыктар