12:50
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Дем алыш күндөрү аба ырайы бузулат. Жаан карга айланат

Кыргызстанда 2-3-март күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди

Тоолуу райондордун ашуу жолдорунда кар көчкү түшүп, кар күрткүсүнүн жаралуусу күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Тиешелүү мекемелер унаалардын ортосундагы 500 метрдик кыймыл чектелиши зарылдыгын эскерет.

2-3-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын пахта себүүчү аймактарында жаан жаап, тоо этектеринде жана Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ысык-Көл ойдуңунда жаан карга айланышы, Нарын облусунда жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү жаралуусу ыктымал.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир тоолуу райондордо жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 0...-5° суук, күндүз 0...5° жылуу;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн −1° сууктан ...+4°, күндүз 4...9°;

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн −1...-6°, күндүз −1° ..+4°;

Нарында түнкүсүн −8...-13°, күндүз −3...-8°.

Эң көп окулган жаңылыктар