06:47
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Болгону миңден ашык чиновник кирешеси тууралуу айкындама тапшырган

Учурда 70 миң 519 салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Салык тапшыруучулардын арасынан 16 миң 899у уюмдар, 40 миң 411и жеке ишкерлер, 9 миң 251и физикалык жактар, 2 миң 780и салык салынбай турган, бирок унаасы же турак жайы барлар.

Эскерте кетсек, бүгүн юридикалык жактардын бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуунун акыркы күнү.
Физикалык жаактардын жана мамлекеттик кызматкерлердин айкындама тапшыруу мөөнөтү 1-апрелде аяктайт.

Бирдиктүү салык декларациясын тапшырбаган физикалык жактарга 2 миң сом административдик айып салынса, юридикалык жактарга 10 миң сом айып салынат.

Эң көп окулган жаңылыктар