Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчин Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Бишкек санитардык полигонунун аймагына барды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев конокту тосуп алып, 2025-жылдын декабрь айында пайдаланууга берилген таштандыларды сорттоочу линиянын иши менен тааныштырды. Бул объектте калдыктар сорттолуп, андан кийин кайра иштетүү үчүн кийинки этаптарга жөнөтүлөт.
Сорттолгон материалдар Фере көчөсүндөгү заводго жиберилип, ал жерден шаарды көрктөндүрүүчү элементтер, анын ичинде отургучтар, люктар, лотоктор жана башка материалдар. Өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгына ылайык, объекттер үчүн технологиялык жабдууларды Беларустун «Сифания — Экотехника» компаниясы жеткирип берген.
Беларусь Республикасынын Премьер-министри комплекстин иштөө схемасы сабаттуу жана натыйжалуу түзүлгөнүн баса белгиледи.
"Бүтүндөй комплекс туура уюштурулган экен. Сиздерде калдыктарды кайра иштетүү маселелерин сарамжалдуу чечүүгө мүмкүндүк берген жакшы туюк цикл түзүлүптүр",-деди ал.
Иш сапарынын жүрүшүндө делегация калдыктарды кайра иштетүү менен электр энергиясын өндүрүүчү эко-технологиялык заводго да барды. Конокторго долбоордун ишке ашырылуу жүрүшү, анын өндүрүштүк кубаттуулугу жана борбор калаа үчүн экологиялык мааниси тууралуу маалымат берилди.
Долбоордун ишке ашырылышы учурда этап-этабы менен жүрүүдө. Биринчи этапта завод күнүнө 1000 тоннага чейин калдыктарды кайра иштетүү кубаттуулугу менен иштей баштайт. Экинчи этапта күнүнө 2000 тоннага чейин кубаттуулугу бар экинчи блоктун курулушу каралган. Толук ишке киргенден кийин, завод күнүнө 3000 тоннага чейин катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетип, саатына 90 МВтга чейин электр энергиясын өндүрө алат.
Экинчи этап аяктагандан кийин, экотехнологиялык калдыктарды кайра иштетүү жана электр энергиясын өндүрүүчү завод Борбордук Азиядагы эң ири катуу калдыктарды кайра иштетүү жана электр энергиясын өндүрүү долбооруна айланат.
Долбоордун ишке ашырылышы экологиялык кырдаалды бир топ жакшыртып, шаарды кошумча таза электр энергиясы менен камсыз кылат.
Иш сапардын жыйынтыгында Айбек Джунушалиев жолугушуу жана тажрыйба алмашуу эки тарап үчүн тең пайдалуу болуп, кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө салым кошоорун белгиледи.

