23:47
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кемин Ак-Туз айылындагы кырсыктан кийин суу жана топурак текшерүүгө жибертилди

Чүй облусунун Кемин районунун Ак-Туз айылындагы кырсыктан кийин суу жана топурак текшерүүгө жибертилди. Бул тууралуу Энергетика, Өнөр-жай жана кен байлыктарды колдонуу комитети билдирди.

Алардын маалыматында, аба-ырайынын кескин өзгөрүшүнөн фабриканын түтүгү тешилген. Түтүк фабрикадан чыккан уулу затты калдык сакталуучу жерге жеткирүүчү.

«Түтүктөн аккан зат жерге жана сууга түшкөн. Кырсык болгондон кийин 20 мүнөттүн ичинде тийиштүү кызматтар барып, чара көрүшкөн. Алар жердин бетин кырып алып, калдыктар сакталуучу жерге жеткиришкен. Текшерүүдө радиациялык деңгээлден өлчөмдөн ашпаганын көрсөттү. Топурак жана суунун үлгүлөрү текшерүүгө жөнөтүлдү» -дейт комитет.

Бүгүн Мамлекеттик техникалык жана экологиялык коопсуздук кызматы барып, кырсыктын себептерин тактамакчы.

Аталган айылдагы фабрикада Куранжайлоо кениндеги алтын жана күмүш кайра иштетилет. Фабрика 2016-жылы ишке кирип, 50 кишини жумуш менен камсыз кылып келет.

Эскерте кетсек, кечээ айыл тургундары жергиликтүү алтын чайкоочу фабриканын жол бойлой кеткен түтүгү жарылып, уулу заттар жолго жана сууга агып жатканын видеого тартып жөнөтүшкөн.

Алардын айтымында, кырсык 25-февраль күнү болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар