16:44
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Сооронбай Жээнбеков Фарид Ниязовдун отставкасын кабыл алган жок

Президент Сооронбай Жээнбеков аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязовдун отставкасын кабыл алган жок. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине өлкө башчысынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Анын айтымында, Фарид Ниязов 24-февралда президент менен жолугушуп, кызматтан кетүү ниетин билдирген. Дүйшөмбү күнү арызын берген.

«Президент арызын кабыл алган жок. Ал мындан ары да иштешүүнү сунуштап, Фарид Ниязовго бир апта эс алууга убакыт берди» — дейт Толгонай Стамалиева.

Эскерте кетсек, Фарид Ниязов акыркы 3 жылда эки ирет мамлекет башчынын аппаратын жетектеген. Алгач аталган кызматка экс-президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда келген. Акыркы жолу президенттин аппаратынын жетекчиси болуп 2017-жылдын 11-декабрында дайындалган.

Эң көп окулган жаңылыктар