20:53
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Чүйдө бир үй өрттөнүп кетти

Чүйдө турак үй толугу менен өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

Алардын маалыматында, Сокулук районунун Төрт-Көл айылында аянты 60 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн. Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин № 23 аскерлештирилген өрт-куткаруу кызматынан 1 бөлүм тартылып, өрт саат 21:15те чектөөгө алынып, саат 22:30да толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар