Муфтият зыяратчыларды ташый турган авиакомпанияны тандап алды. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгы маалымдайт.
Бүгүн авиакомпаниялар арасында сынак өттү. Сынакка бир эле ишкана арыз берген. 2018-жылдагы убактылуу республикалык штабдын өкүлдөрү бир добуштан ажыларды ташууда кызмат көрсөтүү үчүн «Flaynas» авиакомпаниясын тандап алышты.
Муфтияттын маалыматында, «Flaynas» авиакомпаниясы ажыларды 10 жылдан бери ташып келет. 2017-жылы дагы милдетин жакшы аткарган.
«Быйылкы жылы «Flaynas» авиакомпаниясы Кыргызстандык ажыларды ташууда авиабилеттин наркы 1550 АКШ доллар деп белгиледи. Ал 2017-жылдагы наркты өзгөрткөн жок» — дейт муфтият.
Эскерте кетсек, буга чейин ажылык баасы кымбаттары айтылган. Анткени, Сауд Аравия Кыргызстанга берилген квотанын санын көбөйтүү менен келишимдин наркына дагы 5 пайыз кошкон. Ажылык август айына туш келет.