09:25
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Сүйүнчү бериле баштады. 327 бала акча алды

2018-жылы төрөлгөн 327 бала сүйүнчү алышты. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министри маалымдайт.

Эскерте кетсек, бала төрөлгөндө берилүүчү сүйүнчү тууралуу мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирди. Бирок, ага каражат февраль айында бөлүнгөнүнө байланыштуу, акча эми гана берилүүдө.

Акчаны алуу үчүн бала төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк, ата-энесинин паспорту, жашаган жеринен маалымдама алып келиши шарт.

Эскерте кетсек, азырынча сүйүнчү гана берилет. Ал эми ар бир балага жөлөк пул берүү апрелге чейин жылдырылды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума