23:31
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Аксыда эки мугалимди сүзүп кеткен милиция кызматкери эки айга камалды

Аксыда эки мугалимди сүзүп кеткен милиция кызматкери эки айга камалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун маалымат кызматы билдирет.

Эскерте кетсек, 10-февраль күнү Кербен шаарында милиция кызматкери төрт кишини сүзүп кеткен. Анын экөө жайында мерт болду. Каза болгондор мектептин 30 жаштагы мугалимдери болушкан. Калган экөө райондук ооруканага жеткирилди. Бирөөнүн абалы оор.

Милиция кызматкери кырсык болгон жерде кармалды. Экспертиза дайындалып, тергөө башталды.

Эң көп окулган жаңылыктар