09:11
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Жалал-Абад шаарында көчө китепканасы ачылды

Жалал-Абад шаарындагы Токтогул эс алуу багында көчө китепканасы ачылды. Бул тууралуу «Инсан таануу» коомдук бирикмесинин активисттери билдиришти.

Буга чейин мындай китепканалар Кыргызстанда биринчи жолу Ошто, андан соң Бишкекте ачылган эле.

Көчө китепканасы — бул эс алуу багында орнотулган китеп шкафчасы. Андагы китептер коомдук пайдаланууга коюлган, окурмандар китептерди эс алуу багынын аймагында гана окууга тийиш. Калоочулар китеп текчесин башка китептер менен толукташса да болот. Аталган саамалык жаштардын эс алуу жайларында убактыларын пайдалуураак өткөрүү, китепти сүйүүгө чакырык катары окуп ишке ашырылып келет.

Буга чейин дагы Жалал-Абад шаарында эки жолу көчө китепканасын уюштуруу аракети көрүлдү. Бирок, андагы китептер уурдалып кеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума