23:15
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Камчыбек Жолдошбаевды уялтып жөө жүргөн депутаттар жалаң аялдар

Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен жөө жүрүп, коомдук транспорт менен жумушка келген депутаттар жалаң аялдар. Бул тууралуу парламенттин маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, Карамат Орозова, Евгения Строгова, Аида Касымалиева, Альфия Самугулина жумушка коомдук транспорт менен келишет.

«Карамат Орозованын маршруткадагы окуялары өзүнчө анекдот. Төрага болгонго чейин Дастан Жумабеков дагы кээде коомдук транспорт менен жүрүп, Ош базардан азык-түлүк сатып алып эле жүргөн» — деди Ибрагим Нуракун уулу.

Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары, «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Наталья Никитиенко дагы жумушка коомдук транспорт менен келерин кошумчалашты.

Эскерте кетсек, бүгүн депутат Камчыбек Жолдошбаев коомдук транспорт колдонгон кесиптештери үчүн уяларын айтып, кызматтык ууна маселесин кайра карап чыгуунун сунуштады.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума