14:04
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Түкүрбө! 2019-жылдан баштап айыппул салынат

2019-жылдын январь айынан баштап көчөдө түкүргөндөргө айыппул салынып баштайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште депутат Дастан Бекешов билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылдын 1 мартында кабыл алынган мыйзам, 2019-жылы күчүнө кирет.

Ага ылайык, уруксат берилбеген жерде түкүрүү, таштанды таштоо жана таштандыны өрттөөгө айыппул салынат.

Жеке жарандар үчүн айыппул 55 эсепттик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч. Учурда бир эсептик көрсөткүч 100 сом, демек айыппул 5 миң 500дөн 17 миң сомго чейин болот.

Эң көп окулган жаңылыктар