04:05
USD 88.36
EUR 95.26
RUB 0.96

Суроо-жооп. Көзү өткөндөргө куран окуп, бата кылууну унутпаш керек

«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Бир кошунам өлгөн кишиге куран окуганга болбойт деп айттат. Бул чынбы?

Жооп: Демек, сиздин кошунаңыз Исламдын чагымчыл агымы болгон салафийлердин пикирине таянат. Көзү өткөн кишиге куран окуп, бата кылуу жакшы кадамдардын катарына кирет. Бул тууралуу Абу Хурайранын дагы айтканы бар.

«Киши өлгөндө анын үчөөдөн башка баардык иш аракеттери токтотулат. Ал үчөө: тирүү кезинде берген садакасы, башкаларга калтырган билими жана артында калган туягы» — деп айткан пайгамбар.

Так ошол артында калган туягы ата-энесинин атына куран окуп, бата кылып турат.

Эң көп окулган жаңылыктар