20:18
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Сапар Исаков суукта тонгон шаардыктардан кечирим сурады

Премьер-министр Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборунда түзүлгөн кырдаал боюнча шаар тургундарына кайрылып, кечирим сурады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

«Учурдагы кырдаалга байланыштуу Бишкек шаарындагы абалдын оордугун жана ушул күндөрү шаар тургундары башынан өткөрүп жаткан кыйынчылыктарды жакшы түшүнүп турам. Өкмөт башчысы катары түзүлгөн кырдаал үчүн баарыңыздардан кечирим сурайм жана актангым келбейт. Абал катуу иликтөөгө алынат. Бардык күнөөлүү кызматкерлер ээлеген кызматына карабастан жазаланат», — деп айтылат өкмөт башчынын кайрылуусунда.

Мындан сырткары шаардыктар үйлөрдү жылытууга электр энергиясын өтө көп керектеп жатканы, Бишкек ЖЭБиндеги кырсыктын себептерин укук коргоо органдары иликтей турганы белгиленген. Ошондой эле түзүлгөн кырдаалдан улам өкмөт бул тармакка мындан ары артыкчылык берип, катуу көңүл бурары, реформалоо үчүн бардык аракеттер жумшалары айтылган.

Ал арада президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Сапар Исаков менен ЖЭБдеги абалды талкуулап, жылуулук берүүнүн үзгүлтүккө учурашынын себептерин аныктоо боюнча «кылдат иликтөө» жүргүзүү керектигин айтты. Президент ошондой эле катуу суук күндөрү көрсөткөн чыдамкайлыгы үчүн шаардыктарга ыраазычылык билдирди.

26-январдын кечинде Бишкек ЖЭБинде авария болгон. Ошондон бери башкалаанын айрым райондоруна жылуулук тиешелүү деңгээлде берилбей жатат. Батирлер, социалдык объектилер муздак болгондуктан шаардыктар электр жылыткычтарын колдонууга мажбур болуп жатышат. «Түндүк электр» ишканасы буга чейин күч келгендиктен, электр жарыгы да үзгүлтүккө учурап жатканын маалымдаган.

Көптөгөн оорукана жана бейтапканаларда дарыгерлер абалы оор болбогон бейтаптарды кабыл алууну токтотушту. Бул аракетин алар иш бөлмөлөрдөгү температуранын нормадан төмөн болуп кеткендиги менен түшүндүрүшүүдө. Төрөт үйлөрү менен тез жардам станцияларына электр жылыткычтары жеткирилди.

27-январда температуралык режимди турукташтыруу үчүн ЖЭБге кошумча агрегат киргизилип, бирок анын дагы иштен чыкканы кабарланды.

Бишкек ЖЭБи 2014-2017-жылдары модернизацияланып, жаңы эки энергоблоктун курулушуна 386 миллион доллар жумшалган.

Акыркы күндөрү Бишкекте сууктун күчү түнкүсүн 25-30 градуска чейин жетти. Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, борбордо 30-январдан баштан аба ырайы акырындык менен жылый баштайт.

Эң көп окулган жаңылыктар