17:01
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Чек арада бир жыл ичинде 14 чатак катталды

Былтыр мамлекеттик чек арадагы абал туруктуу болду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын 2017-жылдагы ишинин жыйынтыгына арналган отурум учурунда айтылды.

Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, өткөн жылы чек арада 14 жаңжал катталган. Алардын ичинен 10у кыргыз-тажик, 4ү кыргыз-өзбек тилкесинде болгон. 2016-жылы бул көрсөткүч 20 деп белгиленген.

2017-жылы мамлекеттик чек араны бузуу айыбы менен 218 киши кармалган.

Чек арачылар 37 курал-жарак, 273 даана ок-дары, 1 снаряд жана 1 сигнал пистолетин табышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар