04:10
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызстанда балдардын он пайызы эмделген эмес

Кыргызстанда балдардын он пайызы эмделген эмес. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев кечээ күзгө-кышка даярдык боюнча өкмөттүн республикалык штабынын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, эмделбеген балдардын санынын өсүшүнөн улам кызамык илдетинин күч алуу коркунучу бар.

«Мурдакы жылы бул ооруга чалдыккан кишилердин саны өтө эле көп болгон. Эмдөөдөн баш тарткандардын саны дагы көбөйүп жаткандыктан, мындай жугуштуу илдеттер дагы күч алып турат» — деди министр.

2015-жылы январь айында кызамык менен ооруканага кайрылгандардын 500гө жеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар