09:57
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Чүй облусунда өспүрүмдөр бычак менен коркутуп дүкөндү тоноп кетишти

Чүй облусунун Аламүдүн районунда эки өспүрүм ашкана бычагы менен дүкөн ээсин коркутуп, кассадагы акчаны алып кетишти. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы маалымдады.

22-январь күнү Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө 49 жаштагы Т.Е. кайрылган. Анын айтымында. райондун Ленин айылындагы дүкөнүнө саат 19.30да эки киши кирип, кассадагы 10 миң сомун уурдап кеткен.

Талап-тоноо айыбы менен иш козголуп, кылмышка шектелип, 16 жаштагы Т.Э. жана 17 жаштагы Б.К. кармалды.

Эң көп окулган жаңылыктар