17:46
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Былтыр балага жыныстык ыдык көрсөткөн 60ка жакын адам камалды

Кыргызстанда 2017-жылы жашы жете электерге жыныстык запкы көрсөткөн 57 жаран камалган. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2016-жылы балдарга каршы жасалган 400дөн көп кылмыш катталса, анын отуздан ашууну жыныстык мүнөздө болгон.

Балдарды коргоо лигасы Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып тизмектеген кылмыштардын саны 2017-жылы 600дөн ашкан.

"Ошол 600дөн ашуун кылмыштын ичинен 127си жыныстык зомбулук болгон. Бул абдан көп. Бул билинип калганы. Ал эми билинбегени, айтылбаганы канча?"— дейт лиганын жетекчиси Назгүл Турдубекова.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 3-бөлүгүндө балдарды зордуктоого каршы чаралар жазылган. Бул оор кылмыштын катарына кирет жана 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланары көрсөтүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар