07:05
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Жалал-Абадда интернаттын теплицасынын курулушуна мектеп окуучулары дагы тартылды

Жалал-Абад областынын Кочкор-Ата шаарында жаш балдарды экологиялык таза азыктар менен камсыз кылуу үчүн күнөскана курулуп, февраль айынан баштап ага жашылчалар эгилмекчи. Мындай социалдык күнөскана шаар аймагында биринчи жолу пайда болду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясы маалымдайт.

Алардын маалыматында, Насирдин Исанов атындагы жатак-гимназия мектебинин мугалими Гүлназ Кутубаева АКШнын элчилигине атайын долбоор даярдап, 5 миң доллар грант алууга жетишкендиги маалымдалат. Ага жатак мектебинин администрациясы да кол кабыш кылып, 100 миң сом бөлүм берген.

«Жатак-гимназия мектебиндеги курулуш иштери мектеп окуучулары жана мугалимдери тарабынан жүргүзүлгөн. Өз адистигим боюнча чет жакка барып билим алып келгем. Ал жактан келген соң, пайдалуу долбоор жазуу керек болчу. Биздин мектеп жатак-гимназия мектеби болгондуктан балдарды жалаң гана табигый, экологиялык таза жашылча, жер-жемиштер менен азыктандыруу максатында бул долбоорду жаздым. Ал колдоо таап, өз ишибизди баштап жатабыз», — дейт ал.

Эми февраль айынан тарта жашылча эгиндерди эгүү башталат. Эң башкысы, мектеп окуучулары бир гана табигый азыктар менен камсыз болушпастан, күнөскана иштөө менен алар эмгекке, жашылча өстүрүүнүн ыкмаларына да үйрөнүшөт.

Күнөскана кышында газ менен жылытылат. Жылуулук температурасы күндүзү +15 градус, түнкүсү +22 градус болуусу шарт. Ал эми Насирдин Исанов жатак-гимназия мектебинде учурда 806 окуучу билим алып, анын 175и жатып окугандар

Эң көп окулган жаңылыктар