18:11
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Мугалимдер президентке даттанды

Мугалимдер президентке даттанды. Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун атына жөнөтүлгөн кайрылууга «Көрөңгө-Билим мугалимдер» тайпасынын жалпы 200 (эки-жүз) чамалуу агай-эжейлерден түзүлгөн мүчөлөрү кол койгондугун Ош областынын Алай районундагы № 37 А. Арзиев мектебинин англис тили мугалими Абдимиталип уулу Келдибек билдирди.

Алар кесиптин көкөйгө тийген айрым маселелерин чечип, көйгөйлөрдү жоюп берүүсүн өтүнөт. Учурда мугалимдердин билим деңгээлин көтөрүүгө убакыты жоктугу айтылат.

«Билим берүү министрлиги бизге жакшылап иштөөнү көрсөтүүнүн ордуна кагазга мугалимдерди көмүп салды десек туура болоор, биз бала окутууга, сабакты өзгөчө өтүүгө, чыгармачылыкка изденебизби же керексиз майда-барат кагаздар менен алектенебизби? Дагы билим сапаты начар иштебейсиңер деп талапты катуу койгондоруна жол болсун?!. Албетте жарытылуу айлык алсак да бир жөн... Өзүңүз түшүнгөндөй учурдун талабына ылайык өп-чап жашоодо биздин алган маяна суу кечпей калып жатат! Ашыкча жүктөлгөн кагаз үчүн көрүнгөн үйгө барып жүрүп мугалимди мугалим эмес карыз доолап келгендей түшүнүп кабыл алган коом пайда болууда!» — деп айтылат.

Мугалимдер класстык журналдан сырткары, соц.педагогго тиешелүү бөлүм, иш план, конспект, ОМС толтуруу, кандайдыр бир бланкаларды, военкоматка окуучулардын документин, өз билимин өркүндөтүү портфолиолорун, айыл өкмөтүнө тиешелүү айрым бир кагаздарды, маалымат базасы үчүн метирка, омс, ата энесинин паспорту, ата энесинин омси, чарба китеп боюнча номерин топтоого жана толтурууга аргасыз экендигине токтолуп, бул кагазга байланыштуу иштердин санын азайтып берүүнү өтүнөт.

«Анан да «Мугалимдин статусуна» айылдык, шаардык мугалимдерге шартына карап акысыз үй берүү, же жер участогун бөлүп берүү боюнча атайын жоболор иштелип чыгып өзгөртүү киргизилсе... Себеби, көпчүлүк мугалимдердин үстүндө үйү, жер участогу жок болуп батирлеп жашап келишүүдө» — деп суранышат.

Эң көп окулган жаңылыктар