07:44
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Дагы бир кылмышкерге эркиндик. 18 жылга кесилген «Дөө» бир жылда бошотулду


«Дөө» деген каймана аты бар ИИМдин базасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары катталган Чыңгыз Жумагулов 17-январда эркиндикке чыккандыгын «Азаттык» радиосу ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын башчысы Нурлан Таштан уулуна шилтеп маалымдайт.

Маалыматта, Чыңгыз Жумагуловду сот мөөнөтүнөн мурда, шарттуу бошоткондугу айтылат.

Чыңгыз Жумагулов киши өлтүрүүгө катышкан, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, ээнбаштык кылган жана кылмыш тобун түзгөн деген айып менен 18 жылга соттолгон. Ага карата өкүм 2017-жылдын 6-январында Биринчи Май райондук соту тарабынан чыгарылган. Бишкек шаардык сот анын абактагы мөөнөтүн 13 жылга кыскарткан. Бул иш Жогорку Сотто каралып, Жумагулов жети жылга абакка кесилген болчу.

2017-жылы Алтынбек Ибраимов, Кадыр Досонов баш болгон бир катар уюшулган топтун мүчөлөрү бошотулган.

Эң көп окулган жаңылыктар