13:04
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Аскер кызматын өтөгөндөр үчүн ЖРТнын жыйынтыгы 3 жылга чейин жарактуу болот

Аскер кызматын өтөгөндөр үчүн ЖРТнын жыйынтыгы 3 жылга чейин жарактуу болот. Бул боюнча мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Демилгечи депутаттар жарандар аскердик милдетин өтөп бүткөндөн кийин жогорку окуу жайларына тапшырууда кыйынчылыктарга туш болуп жатканын айтышкан. Жогорку окуу жайларга тапшырууда жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен кабыл алынат. Ал эми анын жыйынтыгы бир жылга гана жарактуу.

Эми бүтүрүүчүлөр аскер милдетин өтөгөндөн кийин мурда тапшырган тесттин жыйынтыгы менен ЖОЖдорго тапшыра алышат.

Андан тышкары, мыйзамга киргизилген өзгөртүүгө ылайык, мөөнөттүк аскер кызматынан өткөн атуулдар өлкөнүн башталгыч, кесиптик жана жогорку окуу жайларына тапшырууда артыкчылык укукка ээ.

Мыйзам долбоорду парламент 30-ноябрда кабыл алган. 

Эң көп окулган жаңылыктар