02:51
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Катардагы жоокерди сабаган сержант күнөөлүү деп табылды

Талас шаарында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын жоокери Кубанычбек Молдалиевди сабоо боюнча соттук териштирүү аяктады.

Аскер кызматкери Кубанычбек Молдалиевди автомат менен башка урган, ал анын кесепетинен бир көзүнөн ажыраган. Жабырлануучу тарап катардагы жоокерди басмырлоого шектүү кенже сержанттын соттолушун жана бир миллион сом өлчөмүндө компенсация төлөөсүн талап кылды.

Сот айыпталуучуну шарттуу түрдө үч жылга эркинен ажыратты. Копменсация маселесин Мамлекеттик чек ара кызматы чечет.

Аскер прокуратурасы соттун өкүмүнө макул эмес, себеби жабырлануучу башы ооругандыгы жана көзү көрбөй калгандыгы тууралуу дарыгерлерге дароо кайрылган эмес.

Окуя Мамлекеттик чек ара кызматынын аркердик бөлүмөдрүнүн биринде болуп өткөн.

Кызматтык териштирүүнүн жүрүшүндө коменданттык взводдун командирлери кызматтарынан бошотулду.

Эң көп окулган жаңылыктар