04:06
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Тажикстанда калктын кирешеси бир жылда 10% жогорулады

Тажикстан калкынын кирешеси бир жылда 10% жогорулады. Бул тууралуу социалдык кепилдендирүү жана пенсия агенттигинин директору Сафарали Наджмиддинов билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылы жан башына карата ички дүң өнүмдүн көлөмү өткөн жылдарга карата 12% жогорулаган.

Бирок Наджмиддинов бул көрсөткүч кандай ыкма менен эсептелип чыкканын түшүндүргөн жок. Анын билдиришинче, экономиканын өнүгүшүнүн реалдуу темпи 7%, ички дүң өнүм — 60 млрд сомонини түзгөн.

Талдоочулар эмгек мигранттары которгон акчалардын көбөйүшү калктын кирешесинин өсүшүнө шарт түзгөн деп эсептешүүдө. Расмий статистикалык маалыматтар боюнча 2017-жылы Тажикстанга акча которуу 18% көбөйгөн.

Бул арада эл аралык уюмдар тажик калкынын кирешеси азайганын билдиришүүдө. Былтыр Дүйнөлүк Банк тажикстандыктардын 13% өтө жакыр жашай турганын, 2009-жылдан бери бул көрсөткүч өзгөрбөгөнүн жарыялаган.