23:47
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Алып баруучу, ырчы Жеңишбек Айтиев соттолду

Белгилүү алып баруучу, ырчы жана куудул Жеңишбек Айтиев соттолду. Бул тууралуу маалыматты «24.kg» агенттигине Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан ырасташты.

Шаардык сот ырчыны трт жылга эркинен ажыраткан. Бирок, мунапыс колдонуу менен шарттуу түрдө бир жылга кесилди.

Жеңишбек Айтиевге каршы кишини сабап, саламаттыгына зыян келтиргендиги үчүн иш козголгон. Ал уулуну бычактап өлтүргөн баланын атасы менен мушташкан.

Айтиевдин 12 жаштагы уулун 2016-жылы 23 жаштагы коңшусу бычактаган. Сот кылмышкерди өмүр бою эркинен ажыраткан.

Эң көп окулган жаңылыктар