13:43
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Россияда мектептеги бычакташуудан 15 киши жабыркады

Россиянын Пермь шаарында беткапчан адамдар № 127 мектепке кол салышты. Сегиз окуучу жана бир мугалим бычактан жаракат алып, экөөсүнүн абалы оор экени кабарланууда. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Пермь крайынын Аймактык коопсуздук министрлигинин басма сөз катчысы Елена Дубнинанын айткандарына таянып жазды.

Мурдараак РБК мектеп директоруна шилтеме кылуу менен бир мугалим жана 4-класстын бир нече окуучусу барымтада экенин билдирген. Он жаштагы бала мойнуна бычак жеп, реанимацияда жатат.

Кол салгандардын бири ушул эле мектептин окуучусу 16 жаштагы Лев Б. экендиги айтылууда. Ал АКШдагы «Колумбайн» мектебиндеги кол салуунун фанаты болгондугу маалымдалат.

Эң көп окулган жаңылыктар