2017-жылы мамлекеттик органдар кызматтык ууналаргамиллиард сом чыгымдашты. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуу порталы маалымдайт.
2017-жылдын 13-январынан 2018-жылдын 13-январына чейин мамлекеттик сатып алуу порталында кызматтык ууна сатып алуу боюнча 9 миң 641 жарыя жайгаштырылды. Тендердин жалпы баасы 984 миллион 555 миң 60 сомго бааланган. Жеңил ууна жана ага керектүү жабдууларды сатып алууга 441 миллион 242 миң 779 сом чыгымдалган.