00:34
USD 68.90
EUR 80.95
RUB 1.04

Аламүдүндөгү жол кырсыгында жабыркаган аял дагы көз жумду

Аламүдүндө машина сүзүп кеткен аял көз жумду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлайт.

Алардын маалыматында, аял Чүй облустук ооруканада көз жумду. Анын ким экендиги дагы эле аныктала элек.

Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен Аламүдүн районунда жеңил ууна беш жашар бала менен 45-50 жаштагы аялды коюп кетти. Бала кырсык болгон жерде мерт болду.

Ички иштер башкармалыгы азырынча эч кандай маалымат бере элек.

Эң көп окулган жаңылыктар