07:55
+1
USD 69.44
EUR 84.74
RUB 1.22
Кыргызча

Парламент депутаты бир сутка бою ашуудан өтө албай кыйналганын айтып берди

Жогорку Кеңештин депутаты Калдарбек Баймуратов бир сутка бою ашуудан өтө албай, жолдо турганын бүгүнкү жыйында айтып берди.

Парламент депутатынын айтымында, 29-декабрь күнү ал аймакка жөнөп чыккан. Бирок, жолдордогу кар тазаланбай бир сутка бою тыгында кармалып турду.

«Жүк ташуучу унаалар үч катар болуп турушат. Кар жаагандан эки күндөн кийин жол ачылды. Жүргүнчүлөр балдары менен суукта кармалып турушту», —дейт Калдарбек Баймуратов.

Депутат жол полициясын түзүүнү сунуштады.

Эң көп окулган жаңылыктар