14:02
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Депутат Манастын ысмын арактын ордуна Бишкектеги райондорго ыйгарууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев Бишкектеги райондордун аталышын өзгөртүүнү сунуштайт. Бул тууралуу ал бүгүн «Республика-Ата-Журт» фракциясынын жыйында билдирди.

Анын айтымында, ордо кааланын төрт району тең орус тилдүү болгондуктан алардын аталышын өзгөртүү зарыл.

«Аракты, коньякты Манас деп атайбыз. Шаар, райондорду эмнеге антип Баатырдын, белгилүү инсандын атына атай албайбыз?» — деп суроо койду Зарылбек Рысалиев.

Ордо каалада төрт район бар: Ленин, Октябрь, Свердлов жана Биринчи май.

Эң көп окулган жаңылыктар
23-декабрь, дүйшөмбү