12:05
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Суроо-жооп. Дин тууган жана достук байланышты үзбөөгө чакырат

«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Намаз окуймун. Бирок, көп туугандарым жана досторум намаз окушпайт. Алар мааракелерине

чакырып калат. Ал жерде ичимдик ичишет. Алар менен байланышымды үзүшүм керекпи?

Жооп: Албетте динчил адамга ичимдик ичкен, же башка күнөө иштерди жасаган жерде болуу кыйын. Бирок, динде туугандык жана достук мамилени баарынан өйдө коет. Андыктан, байланыштарды үзбөй, ошол эле мезгилде өзүңүздүн ишенимиңизге зыян келтирбей жашасаңыз болот.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби
23-апрель, шейшемби