00:38
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Жалал-Абадда майыптардын кол өнөрчүлүгү боюнча жарманке өттү

Жалал-Абадда ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын кол өнөрчүлүк боюнча жарманке көргөзмөсү болуп өттү.Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт.

Ага шаардык мекеме-ишканалардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, шаар тургундары келип катышышты жана аярлуу жарандардын колунан жасалган буюмдарды сатып алышты. Бул иш-чара Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан жарыялаган ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоонун бир айлыктын алкагында өткөрүлдү.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарында жалпысынан 3281 мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар. Алардын 450сү 18 жашка чейинкилер. Аярлуу жарандарга реалдуу жардам көрсөтүү максатында шаарда 15-ноябрдан 15-декабрга камкордук көрүүнүн бир айлыгы жарыяланган.

Эң көп окулган жаңылыктар