18:08
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жол кырсыгында адам өлүмүнө айыптуу айдоочуу менен жарашууга тыюу салынат

Адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгынын катышуучуларына жарашууга тыюу салынат. Бул тууралуу мыйзам долбоор Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Долбоордо адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгында тараптардын жарашуусун, судьялар тарабынан кылмыш жазасын белгилөөдө коррупцияны кыскартууну жокко чыгаруу сунушталат. Кылмыш кодексинин 281-беренесине өзгөртүү киргизилип, жабыр тартуучу каза болсо, же ден соолугуна олуттуу зыян келсе 5-7 жылга эркинен ажыратуу менен унаа айдоо укугунан 3 жылга ажыратуу сунушталууда.

Андан тышкары мас абалында, же айдоочулук күбөлүгү жок рулга олтургандарга дагы жаза күчөтүлөт. Башка жазалар менен бирге аларга үч жылга чейин кайсы бир кызматта иштөөгө бөгөт коюлат.

Эң көп окулган жаңылыктар