08:11
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Алмазбек Атамбаев мамлекеттик резиденциядагы үйдү Жээнбековго бошотту

Мурдакы президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик резиденциядагы үйдү Сооронбай Жээнбековго бошотту. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Турусбек Коеналиев билдирди.

Анын айтымында, Алмазбек Атамбаев резиденциядагы башка үйгө көчүрүлдү. Жаңы президент жашай турган турак жай оңдолуп, даярдалды.

Эскерте кетсек, «Президенттин ишмердигине кепилдик» мыйзамына ылайык мамлекеттик резиденциядагы үйлөрдүн бири экс-президентке түбөлүктүү колдонууга берилет.

Эң көп окулган жаңылыктар